Иран Ислам Республикасынын сот системасы-дүйнөдөгү эң көзкарандысыз система

Иран Ислам Республикасынын Сот бийлигинин башчысы көз карандысыздыкты Ислам Республикасынын эң чоң байлыгы деп атады.

Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандын Сот бийлигинин башчысы Аятолла Сейед Ибрахим Раиси Сот бийлигинин Жогорку Кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү.
Ал, Азирети пайгамбарыбыздын (с.а.в) кызы Фатиманын (р.а) туулган күнүнө туш болгон “Фажр” декадасын да куттуктап жатып мындай деди: “Иран Ислам Республикасынын системасы бүгүнкү күндө бул дүйнөдөгү эң көз карандысыз система. Аллах Таала бул улуу элге жана Ислам Үммөтүнө ушул күндөрдүн берекесин насип кылсын.”
Аятолла Сайед Ибрахим Раиси өз сөзүндө Азирети Фатима (р.а) энебиздин жашоо адатын үлгү катары келтирип, аны сөзүбүз менен гана сүйбөстөн, иш амалдар менен ээрчүү зарылдыгын баса белгиледи.
Сот бийлигинин башчысы Имам Хомейнинин (а.р.б) жана анын үзүрлүү өмүрү, теологиялык, укуктук, философиялык жана юридикалык көз караштарын чагылдырган 50 томдугу жеке, саясий жана практикалык адеп-ахлакка ээ экендигин айтып, мындай деди: Имам Хомейнинин ой жүгүртүүсүнүн негизи менен тааныштырганда “дүйнө Аллахтын алдында” деген сүйлөмүнө кабылабыз. Аллах Таалага таянуу, Аллахтын жакшылыктарын билүү, Аллахка жаккан нерселерди колдонуу, ошондой эле оозеки, жүрөк жана иш жүзүндө ыраазычылык көрсөтүү маркум имамдын ынкылабтагы жеңишинин ачкычтуу куралдары болгон.
Ал, Иран Ислам Республикасы бүгүнкү дүйнөдөгү эң көзкарандысыз система экендигин белгилеп: “Бүгүнкү эгемендүүлүгүбүз улуттун эркиндигинин натыйжасы”,-деди.
Душмандар биздин эркибизди башкара алышкан жок. Душмандар ар дайым бизди эркиндигибизден ажыратып, өз маданиятын, көз карашы жана ой жүгүртүүсүн биздин жашообузга жүктөөнү каалашкан.
 Сот бийлигинин башчысы Ислам революциясынын ичиндеги жакырчылыкка, коррупцияга, басмырлоого, зулумдукка жана текебердикке каршы күрөштүн тамырларын айтып, мындай деди: “Ислам Республикасы коррупцияны жана басмырлоону кабыл албайт жана бул зулумга жана текебердикке каршы Сот бийлиги өлкөдөгү сот адилеттигин аткаруучу катары, коррупция менен чечкиндүү, токтобостон күрөшүүгө милдеттенет.
Атайын органдар кылмыштын бетин ачуу, тергөө жана андан ары жүргүзүү максатында өз отчетун даярдап, тапшырышы керек, бирок протокол боюнча мыйзамга ылайык акыркы жана сот чечимин чыгарган адам прокурор жана судья болуп саналат.
Аятолла Раиси сөзүнүн дагы бир бөлүгүндө, сот тутумуна көмөктөшкөн жана кызматташкан өлкө кызматкерлерине жана өлкөнүн ар кайсы коопсуздук жана укук коргоо чөйрөсүндө иштегендерге ыраазычылыгын билдирип жатып мындай деди: «Биз сот тутумундагы атайын кызматкерлерди жана генералдык офицерлерди кылмыштарды ачуу, тергөө, судьялардын жана прокурорлордун буйруктарын аткарууга чакырабыз. Офицерлер өз миссияларын ийгиликтүү аткара алышы үчүн, судьялар менен прокурорлорду ырааттуу жана жоопкерчиликтүү окутуусунан өтүүлөрү керек.”

Комментарий жиберүү