Иран менен Сирия биргелешкен банк түзөт

Иран менен Сирия биргелешкен банк түзөрүн жарыялашты. Бул тууралуу Ирандын жол жана шаар куруу министри Рустам Гасеми билдиргенин иран басылмалары жазды.

Гасеми Сирияга болгон сапарынын жүрүшүндө өлкө президент Башар Асадга да жолукту.

Анын айтымында, ал Асад менен Сириянын экономикасынын абалын жана Иран-Сирия экономикалык алакаларынын көйгөйлөрүн талкуулашты.

Банкты түзүү чечими Сириянын тышкы иштер жана мигранттардын иши боюнча министри Фейсал Микдад менен болгон жолугушууда кабыл алынды. Банктын өкүлчүлүктөрү эки өлкөдө тең түзүлөт.

Мындан тышкары, ирандык министрдин Сирияга болгон сапарынын жыйынтыгында авиациялык транспорт жаатындагы кызматташтык маселелери  талкууланды. Ошондой эле, Ирандын Эркин зоналар кеңешинин башчысы Сириянын аймагында биргелешкен эркин аймак түзүү маселесин талкуулоо үчүн Сирияга барары белгилүү болду.

Комментарий жиберүү