Иран: Украинадагы кризис Москва менен Тегерандын мамилесин буза албайт

Украинадагы кырдаал Орусия менен Ирандын ортосундагы стратегиялык мамилелерди буза албайт.

Мындай пикирди Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Саид Хатибзаде билдирди.

“Иран менен Орусиянын мамилеси стратегиялык жана биз эч кандай маселенин бул мамилени бузушуна жол бербейбиз. Биз согушту жана бул аймактын жана ал жактын элдери тарткан зыянды токтотуу үчүн Москва менен болгон стратегиялык мамилелерибизди жана Киев менен болгон жакшы мамилебизди колдонууга аракет кылабыз”, – деди Иран ТИМнин рамий өкүлү.

Буга чейин, Ирандын Орусиядагы элчиси Казем Жалали РИА Новостиге берген маегинде, Москва менен Тегерандын мамилеси саясаттын жана экономиканын бардык тармактарын, аскердик жана коргонуу, ошондой эле башка тармактарды да камтый турганын билдирген.

Ал эми, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планын калыбына келтирүү боюнча чечимдердин тизмеси камтылган документ даяр болуунун акыркы этабында экенин билдирген.

Комментарий жиберүү