Кадыр Маликов: «Кумар оюндар ишмердиги арам»

Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасынын орун басары Кадыр Маликов Фейсбуктагы баракчасында Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан Ысык-Көлдө казино ачуу боюнча мыйзам долбоорунун биринчи окуудан кабыл алышы боюнча билдирүү жасады.

Бул тууралуу “Eurasia Today” агенттиги маалымдайт.

Анын айтымында, Ыйык Рамазан айында, орозо маалында, парламент кумар оюндар ишмердигин жүргүзүүгө уруксат берүүчү мыйзамды колдоп беришти.

“Кумар оюндар ишмердиги арам болуп саналат жана чоң күнөө. Аны бардык мусулмандар билет. Ошол эле учурда, бул идеяны алып чыккан экс-спикер Дастанбек Жумабеков жана Бактыбек Турусбеков кумар оюндар үйү керек, бирок атайын административдик аймакта жана чет өлкөлүктөр үчүн гана деп түшүндүрүп жатышат. Башкача айтканда мындай ой жүгүртүү – КРдин жарандары эместерге карата акыйкатсыздык, зулум, уурулук, бузукулукка жол берүү ж.б., этикалык жактан, өзүн актаса тыюу салынбайт дегениби?”, – деди Маликов.

Ал бул жаңылык аны абдан капа кылганын билдирди.

“Таң калганым, депутаттардын көпчүлүгү намаз окушат, орозо кармашат, ар жума күнү Парламенттин имаратындагы мечитке намазга барышат”, – деди ал.

“Бардыгына эскертким келет, Исламда арам жана адал, Алла Тааланын берекети жана батасы деген түшүнүктөр бар. Эгер акча, миллиарддар болсо дагы бирок, арам жолу менен табылган болсо, анда анын берекеси жок!”, – деди дин аалымы.

Эске салсак, Ысык-Көл облусуна казино ачуу мыйзам долбоорун депутаттар Бактыбек Турусбеков жана Дастан Жумабеков сунуштаган.

21-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттин жыйынында “Ысык-Көл облусунун аймагындагы туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө” мыйзамдын долбоорун биринчи окууда жактырышкан.

Жалпы 68 депутат “макул”, 23 депутат “каршы” деп добуш берген.

Комментарий жиберүү