Казакстан Тажикстанга ок-дарыларды бекер берет

Казакстан Тажикстанга акысыз аскердик-техникалык жардам көрсөтөөрү белгилүү болду.

Белгилей кетсек, Казакстандын Коргоо министрлиги “Казакстан Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы акысыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун иштеп чыкты.
Макулдашууну ратификациялоо Казакстан Республикасы тарабынан Тажикстан Республикасына аскердик мүлктү бир жолку өткөрүп берүү үчүн укуктук негизди түзөт.
 Казакстандын мамлекеттик “Open NLA” сайтында маалымдалгандай, мыйзам долбоору 3-июнда түзүлүп, 17-июнга чейин коомдук талкууга коюлган.
Атап айтканда, Казакстандан 5.45 мм патрон,  PS октору – 3000 240 даана, 23 мм патрон – 20 076 даана, 82 мм минометтук тегерек 10000 даана Тажикстанга өткөрүү пландаштырылууда.
Эске салсак, ушул аптада Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Пакистанга жасаган иш сапарында курал-жарак маселесин ортого салып, өз өлкөсү Пакистандын курал-жарактарына муктаж экенин билдирген.
Ал эми Баткендеги чек ара абалы кайрадан тынчсызданта баштады. 4-июнда саат 3.00дө тажик тарап контейнерди Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы чегаранын аныкталбаган бөлүгүнө орнотуп, Кыргызстандын аймагына 1 миң метрге чейин терең кире баштаган. Саат 6.00гө карата тажиктер орнотулган контейнерден 600 метр алысташкан.
 Бул кыргыз-тажик чек арасындагы биринчи окуя эмес. Белгилей кетсек, 28-29-апрелде коңшу мамлекеттин аскерлери Кыргызстандын аймагындагы үйлөрдү жана имараттарды аткылап, куралдуу кагылышуунун натыйжасында жарандар, анын ичинде балдар курман болушкан.

Комментарий жиберүү