Кыргызстанга Спутник V вакцинасынын 20 миң дозасы келди

БИШКЕК, 23-апрель. — Eurasia Today. Орусиянын коронавируска каршы Sputnik V вакцинасынын 20 миң дозасы Кыргызстанга алынып келинди.

Белгилей кетсек, вакцина ушул жылы 24-25-февралда өлкөнүн Президенти Садыр Жапаровдун Орусия Федерациясына болгон иш сапарында жетишилген келишимдердин алкагында алынып келинген.

Кыргызстан өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, вакцинаны өткөрүп берүү жөрөлгөсүнө өлкөнүн Биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков, Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко жана Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

“Кыргызстан, Орусиядагы калкты эмдөө кампаниясына карабастан, маселени тез арада чечкендиги үчүн Орусия Федерациясынын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирет ”, – деп белгиледи Артем Новиков.
 

Ал эми Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев үстүбүздөгү жылдын июнь айына чейин Орусияда вакциналарды өндүрүү жаатында абал жакшырып, республикага калк үчүн жаңы графиктин негизинде вакциналар көп жеткирилет деген ишенимин билдирди.

Эске салсак, коронавирус инфекциясын алдын алуу үчүн калкты Sputnik V вакцинасы менен эмдөө жакынкы аралыкта башталат.

Учурда өлкөдө коронавирустук абал курчууда жана COVID-19 штаммынын төрт түрү катталды.

Алар; Британия, Түштүк Африка, Индия жана Орусиянын коронавирустук штаммдары.

 Коронавирус инфекциясынан алыс болуу үчүн 1,5 м. аралыкты сактоо, колдуу тез-тез жуу жана маска тагынуу чаралары сунушталат.

Комментарий жиберүү