Кыргызстанда жалпы 41 миң 854 адам эмдөөдөн өттү

 Кыргызстанда акыркы 24 саатта коронавируска каршы 4443 адам эмдөө алды, анын ичинен 1685и экинчи доза алгандар.

Республика боюнча 41 миң 854 адам эмдөөдөн өтсө, анын ичинен 5317 адам экинчи доза алган.

Бул тууралуу Республикалык штабдан  маалымдашты.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

– Бишкекте – 11 360 (бир суткада – 1 миң 145, экинчи доза алгандар – 163);
– Ошто – 3 442 (бир суткада – 364, экинчи доза алгандар – 154);
– Чүй облусунда – 5 297 (бир суткада – 612, экинчи доза алгандар – 118);
– Ош облусу – 5 447 (бир суткада – 664, экинчи доза алгандар – 540);
– Ысык-Көл облусу – 3 834 (бир суткада – 494, экинчи доза алгандар – 159);
– Тадас облусу – 1 552 (бир суткада – 184);
– Нарын облусу – 2 050 (бир суткада – 236, экинчи доза алгандар – 43);
– Жалал-Абад облусу – 7 022 (бир суткада – 564, экинчи доза алгандар – 275);
– Баткен облусу – 1863 (бир суткада – 282, экинчи доза алгандар – 117).

Эске салсак, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Ал эми “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы Кыргызстанга 22-апрелде алынып келинген.

Вакцина президент Садыр Жапаровдун үстүбүздөгү жылдын 24-25-февралында Орусияга жасаган  сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын алкагында жеткирилген. Аны биринчилерден болуп хирург Мамбет Мамакеев алган.

Учурда вакцинаны 65 жаштан ашкандар жана өнөкөт оорусу барлар алууда.

Комментарий жиберүү