Кыргызстанда уран иштетүүгө уруксат берилеби?

Кыргызстанда уранды иштетүүгө уруксат берүү сунушталууда.

Тиешелүү мыйзам долбоорду коомдук талкууга чыгарылды.

Мындай демилгени Энергетика жана өнөр жай министрлиги көтөрүп чыкты.

Мыйзам долбоорунда курамында уран жана торий бар чийки заттарды жана калдыктарды өлкөгө алып келүүгө, жеке жана юридикалык жактарга уран, торий кендерин иштетүүгө мурункудай эле тыюу салынары айтылат.

Бирок, ошол эле учурда 100 пайыздык мамлекеттик үлүшү бар чарба субъекттери менен мамлекеттик ишканаларга уран, торий кендерин, радиактивдүү калдык сактоочу жайларды иштетүүгө уруксат берүү сунушталган.

Эгер докмент жактырылып, ишке ашса 100 пайыздык мамлекеттик үлүшү бар чарба субъекттери же мамлекеттик ишканалар инвестор менен биргелешкен ишкана ачып, уран, торий кендерин, радиактивдүү калдык сактоочу жайларды иштете алышат.

Белгилей кетсек, 2019-жылы Кыргызстанда радиоактивдүү элементтерди (уран) геологиялык изилдөө жана иштетүү максатында берилген лицензиялык аянттарда иш жүргүзүүгө тыюу салынган.

Комментарий жиберүү