Кыргызстандыктар көбүнчө Орусиянын кайсы аймактарына барып иштеп келишет?

Орусияга иштеп келүү үчүн келген чет элдик жарандардын жүздөн сегизи кыргызстандыктар.

Бул тууралуу Орусия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Орусияга иштегени келгендердин басымдуу көпчүлүгү Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары. 2021-жылдын алгачкы үч айында эле Орусия Федерациясына жумушка 556 миң өзбек, 283 миң тажик жана 166 миң кыргызстандык келген. Бул үч өлкө Орусияга иштегени келгендердин 76%ын түзөт.
Ал эми,  иштегени келген көптөгөн адамдар үчүн Москва шаары алдыңкы тандоодо. Ар бир үчүнчү чет элдик жаран ал жакка иштегени барат. Москва областы жагымдуулугу боюнча экинчи орунда, ал эми Санкт-Петербург жана Ленинград үчүнчү орунда.
Ошондой эле, жумуш үчүн чет элдик жарандар Амур облусуна, Краснодар, Иркутск, Красноярск, Свердловск, Приморск аймагына жана Татарстанга көп барышат.

Комментарий жиберүү