Кыргызстандын ТИМнин орун басары жана Ирандын элчиси эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн талкуулашты

Бишкек, 23-апрель. – Eurasia Today. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саид Харазини кабыл алды.

Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
 Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Белгилей кетсек, пандемия мезгилинде транзиттик жана транспорттук байланыштарды калыбына келтирүү жана жакынкы келечекте эки мамлекеттин борборлорунун ортосунда түз аба каттамдарын калыбына келтирүү маселелери ортого салынды.
 

Ошондой эле, эки тараптуу мамилелер тутумундагы биргелешкен кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, тараптар биргелешкен комитет түзүү маселесин талкуулашты.

Иран элчиси Артыкбаевди кызматка дайындалышы менен куттуктап, дипломатиялык миссияда мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Комментарий жиберүү