Кытайдын 13 млн. калкы бар Сиань шаары карантинге жабылды

13 миллион калкы бар Шэньси провинциясынын административдик борбору Сианда коронавирус боюнча 63 учур аныкталып, шаар карантинге жабылды.

23-декабрдан тарта шаар тургундарына зарыл учурларды эске албаганда, үйлөрүнөн чыгууга тыюу салынган. Шаардын мэриясы ар бир үй-бүлөдө бир адам эки күндө бир керектүү нерселерди сатып алып келип туруусун буйруган.

Бейшемби күнү Сиань бийлиги шаарга сырттан келген 63 адамдан коронавирус инфекциясы табылганын билдирген. Бул вирустун жаңы, жугуштуу омикрондук варианты экендиги азырынча белгисиз.

Шаарда миллиондогон адамдарга коронавирустук тесттерди жасоо пландаштырылууда. Оору жуккандар жана алардын жакындары ооруканага жаткырылган же карантинге алынган.

Ошондой эле шаарда мектептер жабылып, эң керектүү нерселерди сатып ала турган дүкөндөр гана ачык. Мындан тышкары байланыш, анын ичинде аба каттамы үзгүлтүккө учураган.

Белгилей кетсек, Кытай ушундай катаал чаралардын жардамы менен иш жүзүндө коронавирус эпидемиясын көзөмөлгө ала алган жана бул өлкөдө COVID-19 боюнча абал башка көптөгөн өлкөлөргө караганда алда канча жакшы. Коомдук турмуш жана экономика эбак эле калыбына келген.

Эскерте кетсек, алты аптадан кийин Пекинде Кышкы Олимпиада оюндары башталат.

Комментарий жиберүү