Марс Сариев: Москва иш жүзүндө Рахмонду суракка чакырып жатат

Саясат таануучу Марс Сариев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун 9-майды майрамдоого Москвага барары боюнча  өз пикирин билдирди.

“Менин көз карашымда, Рахмондун 9-майды майрамдоого баратканы – иш жүзүнө келгенде, Казанда ЕАЭБдин кеңешмеси, Дүйшөмбүдө ЖККУнун кеңешмеси (ЖККУга Тажикстан төрагалык кылууда) өтүп жаткан кезде Тажикстандын президентинин демаршы, чагылгандай тез согуш жасоого кылган аракети үчүн аны суракка чакырып жатат. 

Тажикстандын согуштук демаршынын айынан Москванын репутациясы чоң жоготууларга дуушар болгонун алар түшүнүп турат. Иш жүзүнө келгенде бул деген суракка чакырып жатканын билдирет. Ушундай жол менен Москва Рахмонду ооздуктоо аракетин көрүп, түзүлгөн кырдаалдын глобалдуу арбитрынын позициясына чыгуу камын жасап жатат. Анткени бул (Тажикстандын баскынчылыгы) Москванын гана репутациясына көлөкө түшүрбөстөн, жалпы эле ЖККУ, ЕАЭБ сыяктуу уюмдарга да өтө чоң залалын тийгизет. 

Бул формалдуу шылтоо – 9-майды майрамдоого чакыруу – иш жүзүндө суракка чакыруу болуп саналат. Анткени Тажикстан өзүнүн иш-аракетинин натыйжасында Орусияны ыңгайсыз абалга салып койду. Кремль Борбордук Азияда таасирин өтө тездик менен жоготуп жаткан мезгилде бул (Рахмонду суракка чакыруусу) Орусиянын түзүлүп калган татаал кырдаалдан чыгуу камы”, – дейт саясат таануучу.

Эскерте кетсек, буга чейин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 9-майга карата Орусиянын президентинин чакыруусу менен Москвага барары белгилүү болгон. 

Комментарий жиберүү