“Накба күнүн” таануу планы АКШ Конгрессине сунушталды

АКШ Конгрессинин мусулман жана палестиналык мүчөсү Рашида Талиб “Накба күнүн” таануу планын сунуштады.

Fars News агенттигинин эл аралык тобунун маалыматына ылайык, АКШ Конгрессинин мусулман жана палестиналык мүчөсү Рашида Талиб Накба күнүн таануу планын сунуштады.

Палестиналыктардын 1948-жылы май айында тарыхый Палестина аймагынын төрттөн үчтөн көбүнүн оккупацияланышы, 531 палестиналыктын өлтүрүлүшү жана палестиналыктардын 85% жакынынын Иордания, Сирия жана Ливан сыяктуу коңшу өлкөлөргө сүргүнгө айдалышы жана жер которгондугу менен палестиналыктардын “Накба күнү” белгиленет.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасындагы Мичиган штатынын 13-шайлоо округунун өкүлү Рашида Талиб Твиттердеги билдирүүсүндө “Яум ан-Накба” планын жарыялап жатып, бир катар америкалык мыйзам чыгаруучулар бул планга кошулганын жарыялады.

«Бүгүн мен апааттуу (күндү) таануу планын сунуштадым; Палестинанын 400 шаарлары жана кыштактары талкаланган күнү 700 миңден ашуун палестиналык үй-жайын таштап көчүрүлгөн», – деди ал.

Башка твиттерде АКШ Конгрессинин мусулман мыйзамчысы Конгресстеги кесиптештерине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, мындай деп жазды:

«Мари Ньюман, Бетти МакКаллум, Ильхан Омар и Александра Оккасио Кортеске айрыкча ыраазычылыгымды билдирем, резолюцияны колдоп бизге кошулгандыгы учун жана бул курөш канчалык оор болсо да, туура тарапта турууну улантып жаткан Кошмо Штаттардагы бардык керунуктуу адамдарга алкыш айтабыз.”

Бул сунуш акыркы жылдарда, айрыкча Дональд Трамп, Рашид Талиб жана Конгресстин башка кээ бир мусулман мүчөлөрү, мисалы, Илхан Омар, АКШдагы сионисттик тарапкерлердин катуу кысымы астында палестиналыктарды колдогону үчүн президент болуп турганда айтылды.

Комментарий жиберүү