Организмди жаш бойдон сактоо үчүн кайсыл азыктарды жеш керек?

Түркиялык диетологдор адамдын организмин жашарта турган 10 азыкты атады.

Бул тууралуу Түркиянын маалымат каражаттары жазышты.
Грек жаңгагы. Адистер омега-3 кислотасы көп болгон грек жаңгагын тизмеге биринчи коюшкан. Ал организмдеги холестеролдун деңгээлин жөнгө салуучу жана жүрөк оорусуна чалдыгуу тобокелдигин төмөндөтүүчү касиетке ээ. Жаңгак адамдын мээсинин сезгенүүсүн азайтып, анын иштешине жакшы өбөлгө түзүп берет.

Лосось балыгы. Омега-3 лосось балыгында да көп. Бул кан тамырлардагы холестериндин көбөйүшүнүн алдын алып, жүрөктүн согуу ыргагынын бузулушунан коргойт жана адамдын акылынын тунук бойдон калышына жардам берет.

Зайтун майы. Бул май тери үчүн абдан пайдалуу. Ал эми анын курамында каныкпаган май кислотасы жүрөккө да пайдалуу болуп, кандагы канттын деңгээлин жөнгө салууга жардам берет.

Карагат. Курамында протанцианин жана антоцианин көп болгон карагат да күчтүү антиоксидант болуп эсептелет. Антиоксиданттар организмдеги зыяндуу заттар менен күрөшүп, жаш куракка байланыштуу жабыркаган органдарды калыбына келтирүүгө жардам берет.

Шпинат. Антиоксидант шпинатта да көп. Бул жашылча адамдын акыл-эсин тунук кылып, көздүн, сөөктөрдүн бузулушунун алдын алат. Ал эми андагы A, C жана E витаминдери жана бета-каротин күндүн ультра-түс нурундагы зыяндардан коргойт.

Көк чай. Арыктатуучу касиетке ээ өсүмдүк. Териге пайдалуу болуп, экинчи типтеги кант диабети жана жүрөк оорусу сыяктуу бир катар илдеттердин өрчүп кетүү коркунучун азайтат.

Помидор. Анын курамында ликопен организмди жаш бойдон сактоочу касиетке ээ жана териге жакшы таасир берет. Помидор адамга жүрөк ооруларынан жана ар кандай рак илдеттеринен арылууга жардам берет.

Кызыл болгар калемпири. Бул жашылчада коллагенди өндүрүү үчүн пайдалуу С витамини, ошондой эле бир катар күчтүү антиоксиданттар бар.

Брокколи. Фолий кислотасына бай брокколи жашы улгайып калгандардын мээсинин жакшы иштешине жакшы жардам берет.

Кара шоколад. Курамында флавоналдар бар. Алар кан тамырлардын эс алуусун стимулдаштырып, жаш жана серпилгич кылат. Ошондой эле кан басымын төмөндөтүп, экинчи типтеги кант диабети, бөйрөк оорулары жана кем акылдык илдеттердин өрчүп кетүү коркунучун азайтат.

Комментарий жиберүү