Орусиянын бийлиги дан азыктарын жана шекер экспорттого тыюу салды

Орусиянын бийлиги дан азыктарын ЕАЭБ мамлекеттерине алып чыгууга 30-июнга чейин, ал эми кумшекерди 31-августка чейин үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого убактылуу тыюу салды.

Бул тууралуу “Интерфакс” Орусия өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Орусияда ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан азыктарын экспорттоого, ошондой эле ак кантты жана чийки камыш кантты үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого убактылуу чектөө киргизилди.

Токтомго Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин кол койду.

“Дан азыктарына болгон чектөөлөр 2022-жылдын 30-июнуна чейин, кумшекерге болгон чектөөлөр 31-августка чейин күчүндө болот”, – деп айтылат билдирүүдө.

Токтомго ылайык, буудай, кара буудай, арпа жана жүгөрү алып чыгууга тыюу салынды.

Комментарий жиберүү