Путин: Украинадагы аскердик аракеттерди Россия баштаган эмес

Украинадагы аскердик аракеттерди Россия баштаган жок, аны 2014-жылы Донбасста өз элине кыргын салууну көздөгөндөр баштаган.

Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Чыгыш экономикалык VII форумда сүйлөп жатканда айтканын РИА Новости жазды.

“Бул көп айтылат жана мен таптакыр туура тезисти дагы бир жолу баса белгилегим келет – аскердик аракеттер (Украинадагы – ред.) жагынан биз эч нерсе баштаган жокпуз, аны аягына чыгарууга гана аракет кылып жатабыз. Украинадагы аскердик аракеттерди 2014-жылдагы төңкөрүштөн кийин Донбасста жашаган элди 8 жылдан бери геноцидге дуушар кылган, кадимкидей тынч өнүгүүнү каалабаган жана биринин артынан экинчи аскердик операцияларды жүргүзүп өз элин басууга аракет кылгандар баштаган”, – деди ал.

Белгилей кетсек, 5-сентябрда башталган Чыгыш экономикалык VII форуму Владивостоктогу Русский аралында Ыраакы Чыгыш федералдык университетинин кампусунун аймагында өтүп жатат.

Комментарий жиберүү