Путин Ирандын жаңы шайланган президентин куттуктады

Орусиянын президенти Владимир Путин Ирандын жаңы шайланган президенти  Сейед Ибрагим Реисини куттуктады.

Орусия Федерациясынын Президенти  Иран Ислам Республикасынын жаңы шайланган президентин куттуктап, мындай деп кайрылды:
 “Урматтуу Сейед Ибрахим Раиси мырза! Сизди Иран Ислам Республикасынын Президенти болуп шайланышыңыз менен куттуктайм. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелер илгертен бери достук жана жакшы коңшулук мүнөздө болуп келген. Сиздин Улуу Даражалуу кызматтагы ишмердүүлүгүңүз ар кандай тармактарда конструктивдүү өсүшүнө, ошондой эле эл аралык мамилелердеги өз ара кызматташууга өбөлгө болот деп ишенем. Бул маселе толугу менен Орусия жана Иран элдеринин кызыкчылыгына жооп берет жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоо багытында баратат. Сизге ийгилик жана ден-соолук, бакубат жашоо каалайм. Урматтоо менен, Владимир Путин.”

Эске салсак, 18-июнда Иранда жана 133 өлкөдө президенттик шайлоонун он үчүнчү айлампасы өтүп, добуш берүүлөрдүн натыйжасында Аятолла Сейед Ибрагим Реиси 62% добуш топтоо менен 8-президент болуп шайланды.

Комментарий жиберүү