Путин менен Башар Асад бейрасмий жолугушту

Орусия менен Сириянын президенттери Владимир Путин жана Башар Асад Кремлде жолугушту.

– Бул иш сапар алдын ала жарыяланган жок, – деп билдирди РИА Новости.
Путин иш-чаранын башталышында мындай деп сүйлөдү: “Мен Сизди Москвада дагы бир жолу тосуп алганыма абдан кубанычтамын. Жана биринчи кезекте Сизди жакында боло турган туулган күнүңүз менен куттуктагым келет.”
Жолугушууда Орус лидери Сириядагы шайлоонун жыйынтыктары тууралуу да  мындай деди: “Жыйынтыктар адамдардын Сизге ишенээрин көрсөтүп турат жана мурунку жылдардагы бардык кыйынчылыктарга, трагедияга карабастан, алар дагы эле калыбына келүү процессин жана кадимки жашоого кайтууну Сиздер менен байланыштырышат”.
Мындан тышкары, Путин кесиптешинин оппоненттери менен диалог түзүү аркылуу кантип күрөшүп жатканын баалап, мындай деди: “Мен бул процесс уланат деп үмүттөнөм. Сириядагы бардык күчтөрдүн консолидациясы гана өлкөгө бутуна туруп, прогрессивдүү өнүгүүнү баштоого, алдыга жылууга мүмкүндүк берет”.
Башар Асад өз кезегинде өлкөлөр биргелешкен аракеттер менен террорчуларга каршы күрөштө ийгиликтерге жетишкенин моюнга алды.
Сирия лидери мындай деп баса белгиледи: «Биздин эки армиябыз, орус жана сириялыктар, согушкерлер басып алган жерлерди бошотууда, терроризмди жок кылууда гана эмес, ошондой эле качкындардын кайтып келишине шарт түздү.
Путин дагы ушундай эле пикирин билдирип,  мындай деди: “Биздин биргелешкен аракеттерибиз Сирия Республикасынын негизги, басымдуу аймагын бошотту. Террорчулар абдан  олуттуу зыянга учурады жана Сиз жетектеген Сирия өкмөтү аймактын 90 пайызын көзөмөлдөгөн”.
Белгилей кетсек, президенттер Сирия Араб Республикасына COVID-19 вакцинасын жеткирүү жөнүндө да сүйлөшүштү.

Комментарий жиберүү