Путин: “Түндүк Агым” аркылуу Европага газ берүү иш жүзүндө токтотулду

Орусиянын президенти Владимир Путин Батыштын Москва энергетикалык экспортун “курал” катары пайдаланып жатат деген айыптоолорун четке кагып, Орусия мунай менен газды дүйнөгө оңой эле сата аларын айтты.

Ал 7-сентябрда Владивостоктогу Чыгыш экономикалык форумунда сүйлөп жатып, “Түндүк агым 1” газ кууру “иш жүзүндө жабылганын” жана акыркы турбинасы иштебей калгандыктан, ошол бойдон кала берерин билдирди. Владимир Путин эгер турбина берилсе, орусиялык “Газпром” компаниясы “Түндүк агым 1” аркылуу газ берүүнү кайра жандантарын, кандай гана турбина болбосун ал түз эле Орусияга жөнөтүлүшү керектигин кошумчалады.

“Зарылчылык болсо Орусия “Түндүк агым 2” газ куурун да ишке киргизе алат”, – деди ал.

3-сентябрда “Газпром” ишканасы “Түндүк агым 1” кууру аркылуу газ берүүнү толугу менен белгисиз мөөнөткө токтоткон. Компания Европага көгүлтүр отунду жеткирген куурдун турбинасын тейлөөдөгү мүчүлүштүктөр аныкталганы менен түшүндүргөн.

Газ сордурган компрессордук “Портовая” станциясында Siemens компаниясы менен бирге жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө майдын герметикалык кошулмасы менен агып жатканы аныкталган.

“Түндүк Агым 1” – Орусиядан Европага өтүүчү эң чоң газ кууру. Ал 2011-жылдан бери иштейт жана жылына 55 млрд. метр куб газ ташууга жөндөмдүү.

Июль айында пландык оңдоо иштерине байланыштуу деген жүйө менен “Түндүк агым” кууру 10 күнгө толугу менен өчүрүлгөн. “Газпром” ишканасы андан кийин газ берүүнү 20% чейин азайткан. Буга “Портовая” станциясындагы экинчи Siemens турбинасын оңдоо иштери себеп болгону айтылган.

Евробиримдик “Түндүк Агым” аркылуу газ берүүнүн азайышын согушта Украинаны колдогону үчүн Орусия Евробиримдикке басым кылып жатат деп эсептейт.

Комментарий жиберүү