Рамзан Кадыров жашы жете элек балдарын Украинага жөнөтөрүн билдирди. Видео

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров жашы жете элек уулдарын Украинадагы аскердик атайын операцияга жибергени жатканын билдирди.

Ал ошондой эле уулдары “байланыш линиясынын эң татаал тилкелеринде болушарын” убадалады.

Кадыров өзүнүн Telegram-каналына 18 жашка чейинки курак эркектерди аскердик иштерге үйрөтүүгө тоскоол болбошу керектигин жазды. Чеченстандын башчысы анын 16, 15 жана 14 жаштагы Ахмат, Эли жана Адам аттуу үч уулу бар экенин белгиледи.

Ошондой эле ал уулдарынын аскердик даярдыктары кичине кезинен эле башталганын тактады.

“Ахмат, Эли жана Адам аскердик операцияда өз чеберчиликтерин колдонууга даяр. Мен тамашалап жатканым жок. Чыныгы күрөштө өздөрүн көрсөтүүгө убакыт келди. Бул алардын каалоосун мен жөн гана кабыл алам. Жакында алар фронтко барышат жана байланыш линиясынын эң татаал тилкелеринде болушат”, – деп жазды Кадыров.

Ал билдирүүсүнө уулдарынын аскердик машыгуулары тартылган видеону тиркеген. Кадрдан балдар автомат, пулемёт, гранатомет жана жөө аскерлердин согуштук унаасынан атууну үйрөнүп жатышканын көрүүгө болот. https://t.me/centralasiamedia/3357?embed=1

Бирок Коргоо боюнча комитетинин мүчөсү Виктор Заварзин мыйзам боюнча 18 жашка чыга элек балдарды армияга чакырууга катуу тыюу салынганын билдирди.

Комментарий жиберүү