Россияда мобилизация башталгандан бери Казакстанга 200миң россиялык кирди

  Россияда жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан бери Казакстанга 200 миңден ашуун россиялык жаран кирген.

Бул тууралуу республиканын ички иштер министри Мурат Ахметжанов өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Казакстанга кирген россиялыктардын 70 миңи жеке идентификациялык номер алышкан.

 “21-сентябрдан бери Казакстанга 200 миңден ашуун орус жараны кирсе, бүгүнкү күндө 147 миңден ашууну өлкөдөн чыгып кетти”, — деди Ахметжанов.

Министр белгилегендей, 3-октябрда коңшу өлкөнүн 7 миңден ашуун жараны Казакстанга кирип, 11 миңге жакыны чыгып кеткен.
“Келгендер кетип жатышат. Баары миграциянын көзөмөлүндө”, – деген министр.

Ал өлкөнүн ички иштер министрлиги чек арадан өтүүдө жаңы чектөөлөр киргизилбей тургандыгын, буга чейин мамлекеттер ортосунда кабыл алынган бардык нормалар жана макулдашуулар иштей берерин кошумчалады.

Эске салсак, 21-сентябрда Россияда жарым-жартылай мобилизация жарыяланган. Коргоо министри Сергей Шойгу мобилизациянын алкагында 300 миңдей резервисттер аскерге тартыларын айткан.

21-сентябрдан бери Россиядагы мобилизациядан качкандар Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстанга агылууда.

Комментарий жиберүү