Сауд Аравияда массалык нааразылык акциялары башталды. Видео

Сауд Аравияда массалык нааразылык акциялары өтүп жатат. Эл Саудиттерден бийликтен баш тартууну талап кылууда, деп билдирди Tsargrad.tv булагы.

Маалыматка караганда, элдик толкундоолор өлкөнүн чыгыш провинциясында, 118 миңдей калкы бар Эль-Катиф шаарында башталган.

Маалыматка караганда, элдик толкундоолор өлкөнүн чыгыш провинциясында, 118 миңдей калкы бар Эль-Катиф шаарында башталган.

Демонстранттар азыркы падышалык бийликтин өкүлдөрү — Аль-Сауддун өлкөнү башкаруудан баш тартуусун талап кылууда.

Массалык нааразычылыктардын башталышына ондогон соттолгондордун массалык түрдө өлүм жазасына тартылышы себеп болгон.

Миңдеген демонстранттар көчөгө бийликтин аракеттерине жана саясатына макул эместигин билдирүү үчүн чыгышты. Нааразычыылкка чыккандар Эль-Катифтин көчөлөрүн толтурду. Алар желектерди көтөрүп, бийликке каршы, анын ичинде “Аль Сауддарга өлүм!” деген ураандарды чакырышты.

Сауд Аравиянын бийлиги 2022-жылдын март айында мамлекеттин тарыхындагы эң ири массалык өлүм жазасын ишке ашырып, коопсуздук күчтөрүнө кол салган 81 адамды өлүм жазасына тарткан.

Эске салсак, Сауд Аравияда акыркы жолу массалык демонстрациялар 2016-жылы болгон. Нааразычылыктар ошондой эле падышалыктын чыгышындагы Эш-Шаркия провинциясында дагы орун алган. Анда дагы нааразычылыктарга өлүм жазасы себеп болгон.

Анда терроризмге шектелип соттолгон 47 жаран өлүм жазасына тартылган, алардын арасында шиит диний үгүтчү Нимр ан-Нимр да болгон.

Комментарий жиберүү