Сауд Аравиянын экинчи ири шаарын сел каптап, Меккеге барчу жолдор жабылды

 Сауд Аравиянын экинчи чоң шаары Жидданы нөшөрлөп жааган жаандан улам сел каптады.

Маалыматка караганда, шаардагы билим берүү мекемелери жана мусулмандардын ыйык шаары Меккеге баруучу жол  да жабылган.

Социалдык тармактарга жарыяланган видеолордон шаарды толугу менен үрөй учурарлык сел каптаганын көрүүгө болот. Суу агымы жолундагы нерселердин баарын бузуп, үйлөрдү каптап, машиналарды агызып кетүүдө.

Туристтер шаардан чыгып кетүүгө аракет кылып жатышат, бирок эл аралык аэропортто айрым каттамдар да токтотулган.

Сауд Аравиянын Жарандык коргонуу кызматынын Мекке провинциясындагы өкүлү эки адамдын каза болгонун билдирип, тургундарды өзгөчө кырдаалдардан башка учурларда үйдө калууга чакырды.

Өлкөнүн Улуттук метеорологиялык борборунун маалыматы боюнча, Жидда шаарынын түштүк аймагында 24-ноябрь күнү таңкы саат 8:00дөн 14:00гө чейин жааган жамгырдын көлөмү 179 мм болгон.

Кызыл деңизге жакын жайгашкан 4 миллионго жакын калкы бар Жидда шаары жыл сайын көптөгөн адамдар ажылык жана умра зыяраттарын жасаган “Меккеге баруучу дарбаза” деп аталат.

Шаарда кышкы нөшөр жана суу ташкындары дээрлик жыл сайын болуп турат. 2009-жылы болгон катуу сел 123 адамдын өмүрүн алган.

Комментарий жиберүү