Сахара чөлүндө кар жаады (фото)

Сахара чөлүндө абанын температурасы кескин төмөндөп, кар жаады. Аба-ырайынын өзгөчө кубулушун фотограф Карим Бучетата тарып алып, Инстаграммдагы баракчасына жарыялады.

“The Sun” басылмасы белгилегендей, ысык мезгилде чөлдө температура + 50C чейин көтөрүлүшү мүмкүн, бирок ушул айда температура нөлдөнтөмөн түштү. Сахара чөлүнө биринчи жолу кар 1979-жылы 18-февралда жааган. Экинчи жолу Сахарага кар 2016-жылдын аягында – 2017-жылдын башында жааган. Анда кар Алжирдин Айн-Сефра шаарына түшкөн. Үчүнчү жолу 2018-жылдын 7-январында жааган.

Комментарий жиберүү