“Спутник V” вакцинасын алгандан кийин иммунитет канчага чейин сакталат?

Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө борборунун директору Александр Гинцбург “Спутник V” вакцинасын алгандан кийин иммунитет канча убакытка чейин сакталарын айтып берди.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. Гинцбург “Спутник V” вакцинасын алгандан кийин иммунитет кеминде эки жыл же андан көп убакыт сакталышы мүмкүн деген үмүт бар экенин билдирди. “Lancet” илимий журналы коронавируска каршы “Спутник V” вакцинасынын натыйжалуулугу 91,6% ды түзгөнүн тастыктады.

Гинцбургдун айтымында, вакцина бардык курактык топтордо бирдей натыйжалуулукту көрсөттү. Ал “Спутник V” вакцинасынын клиникалык сыноолорунун үчүнчү фазасында олуттуу терс таасирлер байкалбаганын кошумчалады.

Комментарий жиберүү