ЖККУ саммитинде Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жаңжал талкууланды

ЖККУ саммитинде Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жаңжал талкууланды, абалды жөнгө салуу оңой эмес, бирок иштер иштер улантыла берет, деди Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков.

Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Кечээ, 23-ноябрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась ЖККУ Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кырдаалды жөнгө салууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирген.

Бул тууралуу ал ЖККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин, Коргоо министрлер кеңешинин жана ЖККУнун Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйынында сүйлөп жатып билдирген.

Армениянын борбору Ереванда ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы болуп өттү. Катышуучулар ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалды жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Сессияга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да катышты.

Белгилей кетсек, ЖККУга төрагалык кылуу Армениядан Беларуска өттү. 2023-жылдын 1-январынан тартып ЖККУнун башкы катчысы Казакстандын өкүлү Имангали Тасмагамбетов болот.

Комментарий жиберүү