Тажикстан Баткен аэропортун жана бир катар объектилерди ракеталар менен аткылады

Баткен аэропортунун айланасы жана шаардын четиндеги объектилер Тажикстандын залптык реактивдүү системалары (РСЗО) тарабынан аткыланды.

Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Баткен шаарындагы жарандык инфраструктуралык объектилер талкаланган.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болууда.

Чек арадагы куралдуу кагылышууда жалпы 31 жабыркады.

УКМК тажик тарап оор бронетехниканы, залптык реактивдүү системаларды (РСЗО) жана авиацияны колдонуп жатканын билдирди.

Ошондой эле алар чек арага жакын жашаган тургундарын “тирүү” калкан катары колдонууда.

Комментарий жиберүү