Талибан аялдарга парктарга жана жарманкелерге кирүүгө тыюу салды

Талибан кыймылы ооган аялдарына Кабулдагы коомдук парктарга жана жарманкелерге кирүүгө тыюу салды.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Барган сайын коомдук мейкиндикте аялдардын орду тарып бараткан ооган аялдары ушул аптада киргизилген жаңы эрежеден абдан нааразы экенин билдиришти.

Буга чейин, өлкөдө аялдардын эркектердин коштоосусуз саякатка чыгуусуна тыюу салынган жана үйдөн сыртка чыкканда хижаб же паранжа кийүү буйрук кылынган. Ошондой эле, Ооганстандын көпчүлүк аймактарында кыздардын орто мектептери бир жылдан ашык убакытка жабылган.

Талибандын өкүлдөрү эс алуу парктарында аял-эркек аралашып, хижаб кийишпей, эрежелер бузулуп келгендиктен, ушундай чечим кабыл алынганын билдиришкен.

Ал эми ооган аялдары өлкөдөгү аялдарга карата чектөөлөрдөн чарчашканын билдиришүүдө.

“Мектеп, жумуш жок. Жок дегенде көңүл ача турган жерибиз болушу керек. Биз эртеден кечке үйдө отургандан чарчадык”, – деди AFP агенттигине маек берген Вахида атуу айым.

Кабулдагы ири “Зазаи” паркынын ээси Хабиб Ян Зазаи талиптердин мындай чечиминен улам, 11 млн. доллар сарптаган эс алуу жайын жабууга туура келип калабы деп кооптонуп жатканын билдирди. Парк жабылса анда иштеген 250 адам да жумушсуз калат.

Ал мындай тыюулар чет өлкөдө жашаган чет элдиктердин же оогандардын өлкөгө инвестиция салуусуна тоскоол болорун жана ошондой эле киреше чогултууга таасирин тийгизет деп чочулап жатканын билдирди.

Ислам шариятын жакшы билген, медреседе сабак берген Мохаммад Тамим бул тыюуну “жаман кабар” деп атап, “Ар бир адам психологиялык жактан көңүл ачууга муктаж. Өзгөчө 20 жыл согуш менен жашаган мусулмандар көңүл ачышы керек”, – деди.

Комментарий жиберүү