«Талибан» тажик чек арасына күчтөр тартылууда деген маалыматтарды четке какты

“Талибан” кыймылынын өкүлдөрү тажик-ооган чек арасындагы абал боюнча комментарий берди.

Кыймылдын өкүлү Билал Кариминин айтымында, талиптер Тажикстандын чек арасына күчтөрдү  тарткан жок.
“Бул чындыкка дал келбейт”, – деди Карими эки өлкөнүн чек арасына аскерлер тартылып жатабы деген суроого жооп берип жатып.
Белгилей кетсек, буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин директорунун орун басары Алексей Зайцев маалымат жыйыны учурунда ведомствого эки тарап тажик-ооган чек арасына күчтөрдү тартып жаткандыгы тууралуу маалыматтар келип жатканын айткан.

Комментарий жиберүү