«Талибан» өлүм жазасына тартылган кылмышкерлердин сөөгүн көрсөтүүгө тыюу салды

«Талибан»  соттун чечимисиз кылмышкерлерди көрсөтүүгө тыюу салды.

Бул тууралуу «Талибандын» өкүлү, Ооганстандын Маалымат жана маданият министринин орун басары Забихулла Муджахид билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Тиешелүү токтомду «Талибан» кыймылы түзгөн өлкөнүн убактылуу өкмөтү чыгарды. Мужахид бул талап өлүм жазасына тартылгандардын сөөгүн көрсөтүүгө да  тиешелүү экенин баса белгиледи.

Буга чейин Жаза аткаруу комиссиясынын башчысы Нуреддин Тораби талибдер башкаруунун биринчи мезгилинде колдонулган өлүм жазасы жана колу-бутун кесүү практикасын кайрадан колдонорун билдирген.

Ал ошондой эле эл аралык коомчулуктун өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүсүн жана мурда талибдердин стадиондо көпчүлүк элдин алдында өлүм жазасына тарткандарына карата нааразычылыгын сынга алган.

Комментарий жиберүү