Трамп: Кытай коронавирус үчүн 10 трлн. доллар компенсация төлөшү керек

АКШ КOVID-19 эпидемиясынын чыгышындагы Кытайдын ролу жөнүндө буга чейинки дооматтарын дагы бир жолу кайталады.

Белгилей кетсек, АКШнын экс-президенти Дональд Трамп, Кытай  КOVID-19 эпидемиясы жапа чеккен өлкөлөргө 10 трлн. доллар компенсация төлөп бериши керек деп билдирди.
Билдирүүдө Трамп коронавирусунун булагы Ухань лабораториясынан чыккан деген негизсиз дооматтарды дагы бир жолу кайталады.
Эске салсак, Трамп Ак үйдө жүргөндө коронавирусту  “кытай вирусу”, деп атап, Кытайдан келип чыккан глобалдык эпидемияны айткан.
Wall Street Journal бир нече жума мурун, Кытайдын Ухань шаарында лабораториянын үч кызматкери коронавирус башталаардын алдында катуу ооруп калгандыгын чалгындоо маалыматтарынан алып жарыялаган.

 Гезит лабораториянын кызматкерлеринин оорусу Covid-19 лабораториядан чыгарылды деген дооматты тастыктады деп билдирди. Бир күндөн кийин Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Уолл Стрит журналынын дооматын четке кагып, “таптакыр чындыкка коошпойт” деп атады.
Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) изилдөө тобу Кытайда бир нече жума болуп, коронавирустун келип чыгышын изилдеп чыгып, Ухань лабораториясынан оорунун жайылышы “өтө эле күмөн” деген бүтүмгө келген. Буга байланыштуу АКШнын президенти Жо Байден жаңы коронавирустун дүйнөгө жайылышына байланыштуу эки теория боюнча америкалык чалгындоо коомчулугунун ортосунда пикир келишпестик бар деп билдирди.

Комментарий жиберүү