Турсунбай Бакируулу: «Араб өлкөлөрүнүн биримдиги болбогондуктан, Палестина көйгөйүн чече албай келишет»

“Кудс күнүнө” арналган тегерек столдо КРнын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, мурдагы Акыйкатчы жана элчи Турсунбай Бакир уулу араб мамлекеттеринин ынтымагы болбогондуктан, палестиналыктар эзилип жаткандыгына басым жасады.

Турсунбай Бакир уулу өз сөзүн “Кудс күнүн” жарыялоо менен Иран Ислам Республикасынын жол башчысы Имам Хомейни өтө көрөгөчтүк кылгандыгын белгилөө менен баштады. “Кудс күнүн” жарыялоо өтө чоң мааниси бар идея болуп саналат. Ансыз биз Палестина менен палестиналыктардын көйгөйлөрүн унутуп калмакпыз. Азыр америкалыктар менен израилдиктер коронавирус пандемиясына байланыштуу “Кудс күнү” белгиленбейт деп айтып жүрүшөт. Алар терең жаңылышат. Себеби интернет менен онлайн байланыштын заманында биз өткөн жылы да, азыр да дүйнө жүзүндөгү бири-биринен миңдеген километр алыстагы палестиналык дини бир мусулмандар биригип, өз пикирибизди билдирүүдөбүз. Ал тургай АКШнын өзүндө да Палестина маселесине кайдыгер карабаган адамдар бар экендигин белгилей кетким келет. Сөзүмө далил үчүн мындан бир нече жыл мурда өзүм АКШда болуп, бир мечитте намаз окуп болгон соң, “Кудс күнүндө” бир нече мусулмандар өз алдынча топтолгондугун көрүп, аларга мен да кошулгандыгымды айта кетким келет. Тилекке каршы кийин менин бул позициям үчүн Америкага барууга тыюу салынып, мындай окуяларга өз көзүм менен күбө боло албай жатам”,- деди Т. Бакир уулу

Экс-депутат андан аркы сөзүндө эмне үчүн 1948-жылы БУУнун колдоосу менен араб мамлекеттеринин ортосуна кичинекей Израиль мамлекети түзүлгөндүгүнүн да чоң сыры жана мааниси бар экендигине токтолду.

“Ооба, Россияда бир да жүүт улутундагы адам жашабаган Еврей автономиялык республикасы бар. Эмне үчүн АКШ өзүнүн же Англиянын аймагынан жүүттөргө автонмия же мамлекет түзүүгө жер берген жок? Балким, алар кийинки келечекте бүтүндөй мусулман дүйнөсүнө бүлүк салып, жерин ээлеп алып, качандыр бир мезгилде улуу Израиль мамлекет түзүүнү, бөтөн эгемендүү мамлекеттердин жерин басып алууну көздөшкөндүр? Ал эми АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Израилди колдоп, палестиналыктарды эзип, кырдаалды ого бетер татаалдаштырды. 2014-жылы Израиль армиясы күн сайын 200-300-400дөн палестиналык балдарды өлтүрүп жатты. Мен мындай агрессияга каршылыгымды билдирип, 2009-жылы маалымат агенттигинин биринде пресс-конференция өткөрүп атып Израилдин желегин айрып, аны катышуучуларга ажатканага барганда колдонгула деп бөлүп бердим. Андан кийин борбордук аянтта да Израилдин желегин өрттөдүм. Ооба, бул аракетим үчүн көптөгөн куугунтуктоолор. Аңдууларга кабылып келем”,- деди ал.

Экс-депутат ошондой эле бүгүнкү күндө көптөгөн араб өлкөлөрүнүн ич ара ынтымагы жана биримдиги болбогондуктан, Палестина көйгөйү чечилбей жаткандыгын айтты.

“Бир гана Иран менен Түркия сионнисттик режимдин палестиналыктарга каршы зомбулугун айыптап келет. Бирок айрым араб өлкөлөрү Израиль менен дипломатиялык мамиле гана түзбөстөн, Иерусалимди Израилдин борбору катары тааныгандыгын жарыялады. Биз, Борбор Азиядагы республикаларда Палестинанын көйгөйүн изилдеген жана колдоо көрсөткөн институт түзүүнү пландаштырганбыз. Тилекке каршы бул демилге бир гана Кыргызстанда ишке ашты…”,- деди Т. Бакир уулу.

Ал андан ары эң оболу мусулмандар ич ара суннит жана шиит, андан ары ич ара ар кандай агымдарга бөлүнбөй, биригиши керектигине токтолду. “Баардык мусулмандар намазды Каабаны, кыбыланы карап окуйбуз. Ошондуктан башка мазхаб, амалдарыбыз да бирдей болушу керек же бири-бирине карама-каршы келбеши зарыл”,- деди.

Комментарий жиберүү