Турсунбай Бакир уулу: «Биз палестиналыктардын жеңиши үчүн ар дайым дуба кылуубуз керек»

КРнын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты, экс-акыйкатчы жана белгилүү саясый ишмер Турсунбай Бакир уулу менен учурдагы Палестина маселеси боюнча кабарчыбыз маектешти.

10-майдан тарта Израилдин армиясы Газага чабуул баштады.Учурда 200дөн ашуун палестиналыктар курман болушту, жарымынан көбү балдар менен аялдар. Эл аралык коомчулук бул абалда эки тараптуу колдоо көрсөтүшүүдө; бир тарап кордолгон Палестина элин колдосо, экинчи тарап Израилдин укуктарын коргоодо.

–  Турсунбай ажы, Сиздин оюңузча учурдагы абалдын натыйжасында 3-дүйнөлүк согуш, тагыраак айтканда мусулмандар менен сионисттер ортосундагы диний согуш чыгып кетүү коркунучу жокпу?

– Жөөттөр менен мусулмандар согушса, үчүнчү дүйнөлүк согуш чыкпайт. Бирок үчүнчү дүйнөлүк согушту чыгарам деген кимдер? Бул Европа менен АКШнын үстөмчүл жөөттөрү же жөөттөр сатып алган саясатчылар. Алар Палестина-Израиль чыңалуусун үчүнчү дүйнөлүк согушка айландырып жибериши мүмкүн. Сионизмдин тарапчылары аз, жада калса жөөттөр өздөрү, тагыраак айтканда ортодоксал жөөттөр сионизмге, Израиль мамлекетине каршы. Алар да бүгүнкү күнү палестиналыктардын эркиндигин коргоп, Палестинанын тууларын көтөрүп, аларга болушуп жатышат. Чыныгы сионизмди колдогондор аз. Андыктан АКШ өзү киришпесе, Израиль менен араб өлкөлөрүнүн маселе чечүүсүндө үчүнчү дүйнөлүк согуш чыкпайт. Бир гана АКШ киришсе, дүйнөлүк согуш чыгып кетиши ыктымал, анткени алар сионисттерге толук баш ийишет.

–  Сиз мурдараак белгилеп өткөндөй, Кыргызстан Борбор Азиядагы Кудс маселесин көтөргөн жалгыз өлкө. Буга карабастан элдин Кудс боюнча маалыматы  жоктой; муну кантип түшүнсөк болот?

– Ооба, тилекке каршы кыргызстандыктардын аль-Кудс, Палестина боюнча маалыматтары аз. Мисалга, мен акыркы окуяга карата; “Палестинанын эркиндигине, Израилдин согушуна каршы бир канча постторумду Фейсбукта, Одноклассники, Инстаграмм жана башка соц. тармактарда жарыялдым. Комментарийлерди окуп көрсөм таң кала турган суроолор түшүп жатты. Мисалга: Палестина өкмөтү Израиль армиясына туруштук бере албайбы? – дейт. Аларга мындай түшүндүрдүм: Палестина деген бул автономия. Анткени 1948-жылдагы БУУнун Башкы Ассамбелясынын чечими бузулуп, эки мамлекеттин ордуна бир эле мамлекет: “Израиль” түзүлүп, сионисттер Палестина жерлерин басып алган да, “Палестина автономиясы” болуп жарыяланган.

Ошондуктан алсыз Палестина автономиясынын аскери жок, бир гана полициясы бар – дедим.
Же болбосо мындай суроолорду беришет: – Аль-Кудс деген эмне? Сөзсүз согушуш керек беле? Алардын оюнча Палестинада эки мамлекет бардай сезилип жатат. Негизинен эле “аль-Кудс” тарыхын билишпейт. Эмне үчүн “аль-Кудс” үчүн дүйнөнүн мусулмандары күрөшүп жатат, аль-Кудс жөөтөрдүн эмес, мусулмандардын ыйык жерлери, жада калса Палестинанын борбору болушу керек – деп жатабыз. Же болбосо дүйнөлүк лидерлердин акыркы билдирүүлөрүнө ылайык, мурдараак “аль-Кудс үч диндин ыйык жери” аталган статусу бар эле. Бирок муну АКШнын экс-президенти Трамп  жокко чыгарып, Кудсту Израилдин борбору деп жарыялап салган. Тилекке каршы Кыргызстанда бул нерсени да билишпейт экен. Кыргызстан саясий жагынан дасыккан өлкө катары мындай тышкы саясаттарды билбесе, анда Борбор Азиянын башка өлкөрүн айтпай деле коёюн.

– Кээбир мекендештер: “Палестинада согуш болуп жатса бизге эмне, өз маселелерибизди чечип алсак болду, аларга кийлигишпешибиз керек, Израиль өч алат”, деген сөздөрдү айтышат. Буга сиз кандай карайсыз?

– Ооба, ушундай комментарийлер, интервьюлар чыгып жатат.
Менин оюмча булар мурдунан алыс нерсени көрө албаган биздин мекендештер. Буларда сабаттулук эмес, дин жагынан да түшүнүгү жок адамдар. Эгер алар динге ишенсе, акыретте Аллахтын: Сен палестиналык мусулман бир туугандарыңа кандай жардам бере алдың? Алардын муктаж болгон кайрылуулуарына кандай жооп бере алдың? ”- деген суроосунан коркуп, акыретин ойлонуп калышаар эле. Булар “өз маселем чечилсе болду” дегендер. “Менмин”- деген кара самал мекендештер: Эмне кылабыз Палестинаны, өзүбүздүн маселелерибизди чечип алалы”- деп жазышат. Бул өтө өкүнүчтүү нерсе. Албетте, бул диний-саясий сабатсыздыктан улам чыгат. Ал эми динин, акыретин ойлогон мусулмандар Палестина элин колдоп, Израилге каршы өз позицияларын ачык билдириши керек.

– Кудсту колдоо, коргоо мусулмандык парзга кирет, ал эми ислам тарыхын, таалимин билбегендер Кудс маселесинен да бейкапар болушу күтүлөт. Кудска колдоо көрсөтүш үчүн сөзсүз түрдө мусулман болуу керекпи?

– Жок, аль-Кудс боюнча өз позициясын билдирүү үчүн, “Кудс Израилдин борбору эмес, Израилге Америка белек кылып салган”,- деп айтуу үчүн сөзсүз түрдө “мусулман болуу” зарыл эмес. Бул жакта жада калса жөөттөр өздөрү сионисттердин аракеттерине каршы чыгып жатышат.
Адамдын жарандык жеке позициясы болсо, эркин көз карашы болсо, эгерде ал башка элдин укугун, эркиндигин сыйласа, ал сөзсүз Палестина тарап, “аль-Кудс” тарап болот. Андыктан мындайда бир гана мусулмандарга байланыштырсак туура эмес. Учурда христиандар, будисттер, жада калса Кытай, 21-кылымдын супер державасы болгон өлкө: “Палестина элинин талаптары акыйкат жана биз аны колдойбуз”- деп билдирди. Башка өлкөлөр да бул бир гана мусулмандардын маселеси эмес, дүйнөлүк маселе экенин түшүнүп калды.

– Биздин коом кандай ыкмалар менен Палестина элине жардам көрсөтө алат?

– Мен айт күнү мечиттеги намазда  таң калганым, эл намаздан кийин Палестина мусулмандарына дуба кылышканы. “Палестина эли жеңсин, укуктарын тикелеп алсын, биздин бир туугандар палестиналыктарга”, – деп мечит имамы дуба кылганы мага аябай жакты. Баарыбыз сүйүнүп, туура көрүп, бата кылдык. Ошондуктан биздин  биринчи жардамыбыз бул дуба, ар бир мечитте же үйдө намаз окуган сайын дуба кылсак, Аллах палестиналыктарга жардам берет.

Экинчиден, биз жылына Израилдин агрессиясына каршы, жарандык калкты, карыяларды, балдарды, аялдарды өлтүргөнгө каршы акцияларга чыгып жатабыз. Тилекке каршы эл аз чыгат. Ушул акцияларгө көбүрөк күчүбүздү жумшашыбыз керек. Биз алыс болсок да, палестиналыктарга тилектештик билдирип, сионисттерге наалат айтышыбыз керек. Анын жетекчиси Нетаньяхуга наалат айтышыбыз керек. Антпесе алар, “эл бизден коркот, күчү жетпейт” деп өз жынаяттарын уланта беришет. Анткени сионисттик режим бул фашист, апартеид режими.  Гитлер учурунда жөөтөрдү кандай жок кылса, алар да учурда палестиналыктарды ошондой кырып жатышат. Биз буга жол бербешибиз керек.

Мына биз, Кадыр ажы Маликов, Чубак ажынын Кудс боюнча посттору бар, ошону көбөйтүп, таратып, талкууга алып, колдоп сабаттуулукту көтөрүшүбүз керек. Ошондо балким башка Борбор Азиянын элдери да бизди көрүп, кубаттап,  жалпы Борбор Азиянын эли Израилдин кылмыш иштерине каршы чыгышыш мүмкүн.

Маектешкен Каныкей Жаманкулова.

Комментарий жиберүү