Түндүк Кореяда белгисиз ысытма оорусунан 350 миң адам жабыркады

Түндүк Кореяда белгисиз ысытма ооруусу жайылууда.

Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары маалымдашты.

Илдет апрель айынын аягында катталган. Жалпысынан андан 350 миң адам жабыркаганы жана буга чейин 162 миңдей бейтап оорудан дарыланганы айтылууда. Бирок, азырынча бул белгисиз ысытма оорусунун коронавирус менен байланышы бар же жок экени тактала элек.

Бул белгисиз ысытма кечээ, 12-майда эле 18 миң адамдан табылып, жалпысынан 187,000 адам карантинге алынган.
Буга чейин, Түндүк Кореяда коронавирус инфекциясынын биринчи учуру аныкталганы жана андан 6 адам каза тапканы кабарланган. Өлкө бийлиги 8-майда Пхеньяндын тургундарынан анализ алынып, анын жыйынтыгында “Omicron” штаммы аныкталганын билдирген.

Андан кийин өлкөдө тез арада Эмгекчилер партиясынын Борбордук комитетинин саясий бюросунун жыйыны болуп өттү. Өлкөнүн лидери Ким Чен Ын билдирүү жасап, вирустун калк арасында жайылышын алдын алуу үчүн чек ара көзөмөлдөрүн күчөтүүгө чакырган.

Комментарий жиберүү