Түркияда кургап калган көлдө жүздөгөн фламинголор өлдү (фото)

Акыркы жумада Түркиянын борбордук Конья провинциясындагы Туз көлүнүн кургап калган бөлүгүндө жүздөгөн фламингонун өлүгү табылды, бул бийликтин кургакчылыктын экосистемага тийгизген таасирине кайрадан көңүл бурууга түрттү.

 Түркиядагы экинчи чоң жана дүйнөдөгү эң ири туздуу көлдөрдүн бири болгон Туз көлү – көчүп жүргөн жаныбарлардын эң жакшы көргөн жерлеринин бири жана фламинголордун жашаган жери  болуп келген.

Көл тайыз жана жыл ичинде жаан-чачын аз болсо да, анын туздуу болушу келгин куштардын уялоосуна өбөлгө түзөт.

Бирок, климаттын өзгөрүшүнөн улам келип чыккан кургакчылык көлдүн суусунун төмөндөшүнө алып келип, фламинголорго тамак табууну кыйындатууда.

Учурда Коньядагы Жиханбейли аймагындагы көлдүн айрым жерлеринде өлгөн канаттуулар ар кайс жакта чачырап жатат. Куштар көлгө март айында учуп кетишкен.

Жай мезгилинде бул аймакка көп барган фотограф Мехмет Эмин Өзтүрк Туз көлү “фламинголор үчүн бейиш болгонун, бирок азыр ал жаман түшкө айланганын” айтты.

Комментарий жиберүү