Түркия Сирия менен Иракта операция жүргүзүүнү улантат

 Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу түрк куралдуу күчтөрүнүн Ирак жана Сириянын түндүгүндөгү операциясы улана турганын билдирди.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Түркия 20-ноябрда Сириянын түндүгүндө тыюу салынган “Күрдистан жумушчу партиясынын” (ПКК) сириялык канатына каршы абадан операция өткөрдү – Кобани шаарына, ошондой эле Ирактын түндүгүнө сокку урулганы кабарланган.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган операцияны ийгиликтүү деп атап, анын артынан кургактагы операция жүргүзүлгөн четке каккан жок.

Түркиянын тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча кечээ, 24-ноябрда Чавушоглу Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө НАТОнун кеңейиши, Украинадагы акыркы окуялар жана дан келишими талкууланды. Министр Чавушоглу ошондой эле “Коготь-меч” операциясынын алкагында терроризмге каршы күрөш чечкиндүү түрдө улана турганын баса белгиледи.

Сириянын чек ара аймагында күрт топторуна каршы операцияларды жүргүзүп жаткан түрк күчтөрүнүн болушун Дамаск бир нече жолу мыйзамсыз деп атап, Анкараны аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырган. АКШ армиясынын колдоосу менен  “Сирия демократиялык күчтөрү” (SDF) Сириянын Эль-Хасака жана Ракка провинцияларынын басымдуу бөлүгүн, ошондой эле Алеппо жана Дейр-эз-Зор провинцияларындагы кээ бир калктуу конуштарды көзөмөлдөйт. Мындан тышкары, Аль-Хасака жана Камишли шаарларындагы кварталдардын көбү алардын көзөмөлүндө. Расмий Дамаск Сириянын түндүк-чыгышындагы автономиялык администрацияны тааныбайт.

13-ноябрда туристтер көп жүргөн Стамбулдун борборундагы жөө адамдар өтүүчү Истиклал көчөсүндө жардыруу болуп, алты адам каза таап, кеминде 81и жарадар болгон.

Түркия кол салуу үчүн “Күрдистан жумушчу партиясын” (ПКК) айыптаган. Түрк полициясынын маалыматы боюнча, кол салууну ПКК менен байланышы бар экенин моюнга алган сириялык жаран жасаган. Бул иш боюнча кеминде 50 киши камакка алынган. ПКК жардырууга эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

Сириядагы күрт кошуундары Түркиянын соккусу Кобани шаарына, ошондой эле сириялык-түрк чек арасындагы башка шаарларга жасалганын тактап, жооп кайтарууга убада беришти.

Түрк аскерлеринин Сириянын түндүгүндөгү Алеппо, Ракка жана Хасака провинцияларындагы (Ирак менен чек арага жакын) күрттөр жайгашкан аймактарга болгон массалык чабуулдарынан кеминде 30 киши набыт болду. Алардын арасында 15 жай тургун жана Сирия армиясынын 15 аскери бар, экенин Ирактан тараткан Rudaw телеканалы Сириянын демократиялык күчтөрүнүн башкы командачылыгына таянуу менен билдирди.

21-ноябрь күнү түштөн кийин Түркиянын Каркамыш шаары ракеталык чабуулга кабылып, 3 киши каза тапкан. Бул тууралуу CNN Turk телеканалы Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлуга шилтеме берүү менен билдирген.

Комментарий жиберүү