«Убара болушпасын». Эмне үчүн Түркия Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулушуна каршы?

“Түркияга каршы санкция киргизгендердин НАТОго киришине “макул” деп айтпайбыз”, – деп билдирди Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган.

Эрдоган аталган уюмга Финляндия менен Швецияны кошууга каршы экенин, алардын арызына бөгөт коёрун 13-майда билдирген.

Түрк лидери Анкарада алжирдик кесиптеши Абделмажид Теббун менен биргелешип өткөргөн маалымат жыйынында Финляндия менен Швециянын террордук уюмдарды колдогону жана Түркияга каршы киргизген санкциялары үчүн НАТОго кирүүсүн колдобой турганын айткан.

Эрдоган бул мамлекеттердин бири дагы террордук уюмдарга карата так позициясы жок экенин баса белгилеген.

Ал скандинавиянын эки өлкөсүнүн дипломаттарынын Түркияга боло турган сапары боюнча да өз позициясын билдирди.

Жакында эле аталган өлкөлөрдүн дипломаттары Анкарага сапары менен барары маалымдалган.

“Алар бизди ынандыруу үчүн келеби? Таарынышпасын, бирок өздөрүн убара кылышпасын”, – деп белгилеген түрк лидери.

Буга чейин Швеция менен Финляндия НАТОго кошулуу ниетин билдиришкен.

Белгилей кетсек, НАТО эки өлкөнү альянстын бардык мүчөлөрүнүн макулдугусуз кабыл ала албайт.

Түркия Швецияны жана башка Батыш өлкөлөрүн Анкара террордук деп эсептеген уюмдарды, анын ичинде күрд топторуна, ошондой эле 2016-жылы төңкөрүш жасоого аракет кылган деп айыпталган Фетхуллах Гүлендин тарапкерлерине башпаанек берет деп айыптап келет.

Кошумчалай кетсек, 2019-жылы Финляндия менен Швеция Түркияга Сирияда операция жарыялангандан кийин коргонуу продукциясын жеткирүүгө чектөө киргизген.

Комментарий жиберүү