Фарс тили жумалыгынын алкагында мектеп директорлору сыйланышты (фото)

Бишкек шаарында Иран Ислам Республикасынын Элчилигине караштуу Маданий өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен өтүп жаткан “Фарс тили аптасы” деп аталган тегерек стол Ирандын элчилигинде уюштурулду.

14-апрель, 2021-жыл /Eurasia Today/. Ирандын Бишкектеги Элчилиги менен Маданий өкүлчүлүгү фарс тилин үйрөтүүдө салым кошкон жогорку окуу жайларынын окутуучулары менен мектеп директорлорун жана окутуучуларды “Фарс тили аптасы” тегерек столуна жана ооз ачууга чакырып сыйлады.

Тегерек столго Ирандын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укутуу Элчиси, Маданий өкүлү, Бишкек Мамлекеттик Университетинин деканы, № 1 гимназияныны директору, Билим берүү министрлигинин өкүлү жана улук окутуучулар катышышты.

Тегерек столдун ачылышында урматтуу элчи Саид Харрази сөз сүйлөп, бардык мугалим конокторду фарс тилин үйрөтүү жана таратуудагы кошкон салымдары үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

БМУнун Чыгыш таануу факультетинин деканы, профессор Таласбек Машрапов фарс тилинин Кыргызстанда окутулуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, алгач бул тил Кыргызстанда 1990-жылдары окутула башталганын белгиледи.

“Ал убакта биз бир гана мугалим жана аз гана студент менен баштаганбыз. Компьютер телевизор жана башка техникалык жабдууларыбыз да жок эле. Эми элдин баары санариптик окутууга өтүшүүдө. Учурда Бишкекте, андан көбү Ош облусунда фарс тилин үйрөнүүгө кызыккан студенттер арбын. Азыркы пандемиялык учурга байланыштуу фарс тилин окутуу токтобостон,  санариптик системага өтсө болот эле”, – деди Таласбек Машрапов.

Ал, ошондой эле Ирандын ЖОЖдору менен да кызматташууга, онлайн конференция өткөрүү, сабак өтүү сунуштарын ортого салды.

Ал эми мектеп директорлору да Ирандын сунушун кубаттап, элдин маалымат алуусу үчүн фарс тилин, маданиятын жайылтууда көмөктөшүүгө өз даярдыктарын айтышты.

Тегерек столдун алкагында “ифитар” ооз ачуу, жана конокторду сыйлоо программалары аткарылды.

Комментарий жиберүү