ФБР Трамптын резиденциясын тинтүү учурунда жашыруун документтерди тапты

АКШнын ФБР агенттери өлкөнүн мурдагы президенти Дональд Трамптын Флорида штатындагы Мар-а-Лаго шаарындагы резиденциясын тинтүү маалында 11 комплект жашыруун, анын ичинде “өтө жашыруун” деген грифти бар документтерди табышты.

Бул тууралуу The Wall Street Journal маалымдады.

ФБР жалпысынан Трамптын үйүн тинтүү учурунда ар кандай материалдар, папкалар, сүрөттөр жана жазуулар салынган 20 кутучаны алып кеткен. 

Маалыматка караганда, алардын арасында Трамптын расмий кеңешчиси Рожер Стоунга ырайым берүү боюнча жана Франциянын президенти Эммануэл Макрон жөнүндө да документтер бар болгон.

Мындан сырткары, экс-президенттин үйүнөн азырынча мазмуну белгисиз болгон бир нече кутудагы документтер да табылганы белгилүү болду.

Белгилей кетсек, АКШнын мурдагы президентинин резиденциясында 8-августта Трамп Ак үйдөн чыккандан кийин өзү менен кошо ала кеткен документтерге байланыштуу тинтүү жүргүзүлгөн. Ал бул иштин орунсуздугун белгилеп, ФБР агенттери анын сейфин талкалап киришкенине нааразычылыгын билдирген. 

Буга чейин АКШнын Улуттук архиви Трамптан ал президенттик кызматтан кетип баратканда документти өздүк архиви үчүн алып кеткен улуттук коопсуздук тууралуу маалымат камтылган 15 кутуну кайтарып берүүнү көп жолу суранып, акыры ФБРге кайрылган.

Кийинчерээк, алар кайтарылган, бирок, ошентсе да Юстиция министрлиги экс-президенттин колунда эч кандай докумен калбаганына ынаныш үчүн ФБР кызматкерлерине анын резиденциясын тинтүүгө ордер берген.

Комментарий жиберүү