Чет элдиктер биринчи жолу БАЭ жарандыгын ала алышат

Бириккен Араб Эмираттарынын бийлиги жарандык жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизди.

Islam Today маалымат порталы билдиргендей, Бириккен Араб Эмираттарынын бийликтери мыйзамга тарыхый түзөтүүлөрдү кабыл алышты, ага ылайык, чет мамлекеттердин жарандары биринчи жолу өлкөнүн жарандыгын ала алышат.
Бул тууралуу Бириккен Араб Эмираттарынын премьер-министри Шейх Мухаммед бин Рашид Аль Мактум билдирди
“Өлкөнүн Президентинин тапшырмасына ылайык, биз бүгүн мыйзамга түзөтүүлөрдү кабыл алып, инвесторлорго, таланттуу адистерге, илимпоздорго, доктурларга, инженерлерге жана чыгармачыл адамдарга Бириккен Араб Эмирлигинин жарандыгын жана паспортун алууга мүмкүнчүлүк бердик”, – деп билдирет WAM агенттиги Дубай Эмиринин сөзүнө шилтеме жасап.
Аль Мактумдун айтымында, көрүнүктүү таланты бар чет өлкөлүктөргө жарандык берүү чечими, бул адамдарды Эмират коомунун мүчөлөрү деп таанууга, алардын социалдык туруктуулугун камсыз кылууга жана улуттук өнүгүү процессин тездетүүгө багытталган.
Белгилей кетсек, БАЭ жарандыгын алууга байланыштуу арыздар өкмөт жана жергиликтүү аткаруу кеңселери тарабынан каралат. Ар бир категория үчүн конкреттүү критерийлер аныкталат. Жаңы жарандар БАЭге ант беришет жана жергиликтүү мыйзамдарды сактоо жана урматтоо боюнча милдеттенмелерди алышат.
 Алар компанияларды түзүп, анын ээлери боло алышат, жер жана кыймылсыз мүлк сатып алып, ага ээлик кыла алышат. Эгерде жаран мыйзамдуу милдеттенмелерин бузса же критерийлерге жооп бербей калса, жарандык кайра кайтарылат.

Комментарий жиберүү