Шавкат Мирзиёев иш сапары менен Кыргызстанга келет

 Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга иш сапары менен келет.

Бул тууралуу 23-ноябрда Ташкентте өткөн Өзбекстанга жаңы дайындалган чет элдик элчилерге ишеним грамоталарын тапшыруу аземинен кийин белгилүү болгонун өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

«Биздин өлкөлөрдүн ортосунда ишенимге жана өз ара урматтоого негизделген конструктивдүү диалог түзүлдү. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун өткөн жылдын 11-12-мартында Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапары биздин мамилелерибиздин тарыхында жаңы баракты ачты. Бүгүнкү күндө бир тууган элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алуу менен бардык кечиктирилгис маселелер өз убагында чечилүүдө. Жетишилген макулдашуулардын натыйжасында чек ара маселеси чечилип, бул биздин өлкөлөр үчүн болуп көрбөгөндөй ийгилик болду. Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган сапары эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоого кызмат кылат», — деп айтылат президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Ошондой эле, аймактык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун башталышы, анын ичинде Камбар-Ата ГЭСинин, Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай темир жолунун курулушу эки элдин жалпы кызыкчылыгына кызмат кылары баса белгиленген.

Маалыматта Мирзиёевдин алдыдагы Кыргызстанга боло турган сапарынын так күнү айтылган эмес.

Комментарий жиберүү