Эрдоган Ирандын Жогорку лидери Хаменеи жана президенти Раиси менен жолукту. Сүрөт

Тегеранга расмий сапар менен барган Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи жана президенти Ибрахим Раиси менен жолугушту.

Ирандын президенти Раиси Эрдоганды Тегерандагы Садабад сарайында расмий түрдө тосуп алды.

Алгач Түркиянын жана Ирандын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Эрдоган ардактуу кароол менен учурашып, андан соң эки мамлекеттин башчыларынын тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрү башталды.

Андан соң түрк лидери Ирандын руханий лидери Али Хаменеи менен жолугушту.

Бирок тараптар талкуулаган темалар тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

Эрдоган Иранга бүгүн, 19-июлда барган. Аны коштоп барган делегациянын курамында өлкөнүн улуттук коргоо министри Хулуси Акар, ички иштер министри Сулейман Сойлу, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, казына жана каржы министри Нуреддин Небати, энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Донмез, жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу, Соода министри Мехмет Муш, өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, Улуттук чалгындоо уюмунун (MİT) башчысы Хакан Фидан, президенттик администрациянын коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Фахреттин Алтун жана президенттин басма сөз катчысы Ибрахим Калын бар.

Белгилей кетсек, 19-июлда Иранда Сириядагы абалды жөнгө салууга жардам көрсөтүү боюнча Астана процессинин кепили болгон мамлекет башчыларынын үч тараптуу жолугушуусу өтөт.

Азырынча Россиянын президенти Владимир Путиндин Тегеранга келгени тууралуу маалымат бериле элек.

Комментарий жиберүү