Эртең – Дүйнөлүк Кудс күнү

Мындан 42 жыл мурда Иран Ислам Республикасынын орнотуучусу имам Хомейни (а.р.б) аркылуу Ыйык Рамазан айыныны акыркы жума күнү Дүйнөлүк Кудс күнү катары белгиленүүсү бекитилген.

Бул жылы ал күн 7-майга туш болууда. Дүйнөлүк Кудс күнүнө карата бүгүнтөн баштап Ирандын бардык шаарларында палестиналыктарга тилектештик катары Палестинанын байрактары илинди.

Белгилей кетсек, Палестина жерлери 73 жылдан бери сионисттер режими аркылуу басып алынууда. Андан бери Палестина дүйнөдөгү адам укуктары бузулган өлкөнүн туу белгиси болду. Эч бир эл аралык коом, эч бир араб өлкөсү палестиналыктардын укуктарын коргоп, көйгөйдү чечүүгө олуттуу кадам жасаган жок. Ал эми акыркы жылдары “Кудс” маселеси дээрлик эстен чыгып, унутулуп бара жаткандай.

Эл аралык “Кудс” күнүнө карата “аль-Акса” мечитинин имамы шейх Икрима Сабри бүгүнкү күндө Кудс, араб жана ислам дүйнөсүнүн шалаакылыгынан улам баскынчылардын моюнтуругу астында калгандыгын баса белгиледи.

“Биз Кудс жөнүндө ар бир күнү жана ар бир саат сайын ойлонушубуз керек, анткени ал дагы эле баскынчылардын моюнтуругунда. Араб жана ислам дүйнөсүндө Кудсту унуткандыктан улам анын жөөттөштүрүлүүсү уланууда. Бир күн Кудс маселесине арналганда, башка күндөрү унутуп калабыз дегенди билдирбейт. Кудс көйгөйүн жылдын бардык мезгилинде эстешибиз керек”,- деди аль-Аксанын өкүлү.

Комментарий жиберүү