Япония Орусияга жогорку технологиялык товарларды экспорттоого тыюу салды

Япония 20-майдан тарта кванттык компьютерлер, 3D принтерлер, электрондук микроскоптор жана башка жабдуулар сыяктуу жогорку технологиялуу товарларды Орусияга экспорттоого тыюу салды.

Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Товарлардын тизмеси Япония өкмөтүнүн чечимине ылайык, өлкөнүн экономика, соода жана өнөр жай министрлигинин сайтына жарыяланган.

“Украинанын айланасындагы эл аралык кырдаалга байланыштуу биздин өлкө бул көйгөйдү чечүү үчүн дүйнөлүк тынчтык үчүн эл аралык аракеттерге салым кошууда жана өкмөттүн 10-майдагы чечимине ылайык, Орусияга жогорку технологиялык товарларды экспорттоого тыюу салууну киргизүүдө. Бул чектөөлөр 20-майдан тарта күчүнө кирет», – деп айтылат министрликтин токтомунда.

Япония өкмөтү 10-майда орусиялык 141 адамга жана 71 уюмга каршы санкцияларды киргизген. Жалпысынан бул өлкө Орусиянын 507 жаранына, анын ичинен ЛЭР менен ДЭРдан 253 адамга жана 201 орусиялык компания менен уюмдарга жана ири банктарга каршы санкцияларды киргизди.

Комментарий жиберүү