Япония өзөктүк келишим боюнча көйгөйлөрдү чечүү үчүн жардам берүүгө даяр

Япониянын тышкы иштер министри Тосимицу Мотэги өлкөсү өзөктүк келишим толук аткарылышы үчүн көйгөйлөрдү чечүүгө “жигердүү дипломатиялык аракеттерди” көрүүгө ниеттенип жаткандыгын жарыялады.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, шейшемби күнү Токиодо өткөн пресс-конференцияда Иран өзөктүк программасы боюнча биргелешкен иш-аракеттердин комплекстүү планы жана Япониянын келишим боюнча позициясы тууралуу билдирди.
Тосимицу Мотэги Жо Байдендин өкмөтү өзөктүк келишимдин бардык жоболорун калыбына келтирип, келишимге жолтоо болуп жаткан тоскоолдуктарды алып саларына үмүт артып жатканын билдирди.
Ошондой эле, “Биздин өлкө АКШ менен союздаштыгынын жана Иран менен салттуу жакшы мамилелеринин негизинде жигердүү дипломатиялык аракеттерди көрүүгө ниеттенүүдө. Байдендин башкаруу мезгилинде АКШ менен Ирандын мамилелери кандайча өнүгөөрүн көзөмөлдөө Япония үчүн  маанилүү маселе”, – деди.
Япониянын тышкы иштер министри өзөктүк келишимди толук кандуу ишке ашыруу кайрадан башталат деген ишенимде экенин баса белгиледи.

Комментарий жиберүү