АКШ Конгресси Украинага ири суммада жардам берүү мыйзамын жактырды

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Украинага рекорддук суммадагы кошумча жардам пакетин бөлүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды.

Маалыматка караганда, Америка Украинага аскердик, экономикалык жана гуманитардык жардам берүү үчүн 40 миллиард доллар бөлөт.

Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Бул кошумча каржылоо боюнча кайрылууну Конгресске АКШнын президенти Жо Байден жөнөткөн. Демилгени 368 конгрессмен колдоп, 57си каршы добуш берди. Мыйзам долбоору эми Конгресстин Сенатына жөнөтүлөт. Эгер жактырылса, документ Байденге кол коюуга берилет.

Аталган сумманын 15 миллиард долларга жакынына украин армиясына курал-жарак жана аскердик техникалар сатылып берилет. 14 миллиард доллар украиналык качкындарга гуманитардык жардам берип, колдоо көрсөтүүгө, дагы 5 миллиард доллар согуш башталгандан кийин украин буудайы менен жүргөрүсүнүн экспортунун токтоп калышынын кесепеттерин жоюуга жумшалат.

Байден буга чейин мыйзам чыгаруучуларды документке жакынкы күндөрү кол коюу үчүн мыйзам долбоорун дароо бекитүүгө үндөгөн. Болбосо, Вашингтон жакын арада Киевге жардам берүүнү токтотууга аргасыз болорун эскерткен. Анткени, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин айтымыда, Украинага жардам берүү үчүн буга чейин бөлүнгөн каражат дээрлик түгөнгөн.

АКШнын Конгресси ушуну менен Орусия Украинага кол салгандан бери Киевге жардам катары экинчи жолу ири суммадагы каражат бөлүп берүүдө. Буга чейин Конгрессте 13,6 миллиард доллар жардам бөлүү сунушун жактырылган.

Комментарий жиберүү