АКШ Сирияда абадан жаңы сокку урду

Бул тууралуу АКШнын Борбордук командирлигинин (CENTCOM) жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө орун алды.

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) мурдагы күнү Сириядагы америкалык базаларга жасалган ракеталык чабуулдан кийин Иран колдогон топторго жаңы абадан сокку урулганын жарыялады.

АКШнын Борбордук командирлигинин (CENTCOM) жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Сириянын түндүк-чыгышындагы базаларыбызга жасалган ракеталык чабуулдардан кийин CENTCOM күчтөрү аймактагы Иран колдогон согушкерлерге AH-64 Apache тик учактары, AC-130 куралдуу тик учактары жана M777 замбиректери менен сокку урушту. Бул чабуулдардын натыйжасында душмандын 4 аскери набыт кылынды жана душмандын 7 ракетасы жок кылынды»,делди.

Сириянын түндүк-чыгышындагы Дейр-эз-Зордогу АКШнын Йешилкөй жана Коноко базаларына мурунку кечинде ракеталык кол салуу болгон.

CENTCOM кол салууда америкалык аскерлердин жеңил жараланганын жана аймактагы Иран колдогон топтордун окуядан жооптуу экенин жарыялады.

Комментарий жиберүү