Ак үй: Учурда өзөктүк келишимге кайтып келүү мөөнөтүн так белгилей албайбыз

Ак үйдүн өкүлү Иран өзөктүк милдеттенмелерге кайтып келүүсүн талап кылды.

Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайык, Ак үй өзөктүк келишимдерге кайтуу мөөнөтүн белгилебестен, Иранды өз милдеттенмелеринен чыкпоосун эскертти.
Белгилей кетсек, Женифер Сакчи 29-январда өткөргөн пресс- конференцияда АКШ кандайдыр бир чечим кабыл алаардан алдың, алгач союздаштары менен кеңешерин айтты.
Женифер Саки кабарчылардын Байден Рухани менен жолугушабы деген суроосуна, биринчи кезекте Иран өз милдеттенмелерин сакташы керек деди.
Ак үйдүн өкүлү, президент Жо Байден өзөктүк санкцияларды катаалдаштыруу жана узартуу дипломатиясын колдонуп, Ирандын ракеталык программасы жана регионалдык иш аракеттерин камтыган пландарын көзөмөлгө аларын кошумчалады.
Эске салсак, АКШнын жаңы администрациясы акыркы күндөрү Иранды өзөктүк келишимдин милдеттенмелерине кайтып келүүсүн эскертүүдө.
Ал эми Иран тарап жооп катары, Америка бул келишимден бир тараптуу чыгып кеткен соң, алгач келишимге кайтып келүү менен Иранга киргизген бардык санкцияларды алып салуусу керектигин баса белгилөөдө.

Комментарий жиберүү