Алишер Усманов Өзбекстанга өз эсебинен COVID-19 вакцинасынын 500 миң дозасын сатып берет

Өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усманов Өзбекстан үчүн өз эсебинен COVID-19 вакцинасынын 500 миң дозасын сатып берет.

Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев Наманган облустук кеңешинин элдик депутаттарынын кезексиз жыйынында билдиргенин “Газета.uz” агенттиги жазды. Мирзиёевдин билдирүүсүнө караганда, ишкер Алишер Усманов калкты эмдөөнүн биринчи этабынын алкагында коронавируска каршы вакцинанын 1 миллион дозасын  сатып алууга байланыштуу чыгымдардын жарымын жабууну сунуштады.

“Алишер Бурханович (Усманов) пландаштырылган 1 миллион дозанын 500 мин дозасын өз эсебинен сатып алам деди. Ал Наманганды сүйөрүн айтып, аймакка алгачкы 50 миң дозаны берүүнү суранды. Биз бул маселени карап жатабыз”, – деди мамлекет башчысы. Шавкат Мирзиёев өлкөдө COVID-19га каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында вируска чалдыккандардын саны бир кыйла азайгандыгын баса белгиледи. “Бүгүн эртең менен мага Өзбекстанда коронавирус жуктуруунун 11 гана учуру аныкталганын билдиришти. Бул абдан чоң жетишкендик. Биз көргөн чаралар ушундай натыйжага жетүүгө негиз түздү”, – деп белгиледи президент.

Комментарий жиберүү