Америкалыктар Кытайды коронавирустан кийинки эң чоң коркунуч деп эсептешет

Америкалыктардын дээрлик жарымы Кытайды коронавирустан кийинки эң чоң коркунуч жана душман деп аташты.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Американын Гэллап институтунун сурамжылоосу өлкөнүн жарандары үчүн  Кытай  коронавирустан кийинки эң чоң коркунуч болуп эсептелерин көрсөттү.
News Max веб-сайтынын маалыматына ылайык, Гэллаптын сурамжылоосу боюнча, америкалыктардын жарымына жакыны “Кытай өлкөнүн эң чоң душманы” деп эсептейт. Февралда жүргүзүлгөн сурамжылоодо улуу муундагы 1021 америкалыкка сурамжылоо жүргүзүлгөн. Сурамжылоонун жыйынтыгы кечээ, шейшемби күнү жарыяланды жана Кытай АКШ үчүн эң чоң коркунуч деп табылды. Өлкөдө Кытайды АКШ үчүн душман деп эсептегендердин көрсөткүчү 2020-жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйгөн.
Сурамжылоого катышкандардын 26 пайызы Орусиянын эң чоң душман деп билишерин айтышкан. Бул көрсөткүч өткөн жылы 23 пайыз болгон. Ал эми катышуучулардын 9 пайызы Түндүк Кореяны эң чоң коркунуч деп аташкан. 2020-жылы бул көрсөткүч 12 пайызды түзгөн.
Бул сурамжылоонун дагы бир кызыктуу жери – Американын Республикачыларынын Кытайга карата терс көз карашы болду. Алардын 76 пайызы Кытайды эң чоң коркунуч деп атаса, Демократтардын 22 пайызы ушундай ойдо экенин билдиришкен. Ал эми өлкө жарандарынын жарымы Кытайды “Дүйнөдөгү эң ири экономикалык держава”,- деп дагы аташкан.
АКШ көптөн бери Кытайды медиа пропаганда менен коркутууга аракет кылып келет. Акыркы айларда АКШ менен Кытайдын ортосунда эки тараптын журналисттеринин болушуна байланыштуу пикир келишпестиктер болуп жатат. АКШнын мурунку администрациясы Кытайдын жалпыга маалымдоо каражаттарын куугунтуктоодо Америкада жайгашкан бир нече Кытай медиасын “чет элдик уюмдар” деп мүнөздөгөн.
Кытай АКШнын бул иш-аракетинен бир ай өткөндөн кийин медиа согушка жооп кайтарып, бир нече америкалык маалымат каражаттарына тыюу салып, алардын журналисттерин өлкөдөн чыгарган.
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чжао Лицзянь дүйшөмбү күнү журналисттердин алдында сүйлөп, АКШнын Кытайга каршы иш-аракеттери “негизсиз” жана “эки жүздүү” деп атап, мындай иш-аракеттер фактылар менен таптакыр карама-каршы келерин билдирген.

Комментарий жиберүү